Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:26

Бишкекте менингит болгон наристе чарчап калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте менингит болуп ооруган бир жашар наристе чарчап калды. Саламаттык сактоо министрлиги тараткан маалыматка караганда, бала Балдардын тез жардам ооруканасына 23-февралда оор абалда түшкөн.

Инфекциялык оорукананын адистери менен чукул кеңешүү жүргүзүлүп, алар илдет өтүшүп, баланын мээси сепсиз болуп, көөп кеткенин белгилешкен. Дарыгерлердин аракетине карабастан бала алты сааттан кийин чарчап калган.

Адамдын мээсин жабыркатып, тийиштүү дарылоо болбосо өлүмгө дуушар кылуучу менингит оорусу кадимки сасык тумоого окшоп башталат. Анын белгилерин дарыгер гана айырмалап биле алат. Илдет ооруп жаткан адамдан ал жөтөлгөндө, чүчкүргөндө же сүйлөп жатканда, көбүнчө аба аркылуу жугат.

Кыргызстандын Эмдөө календарында бул ооруга каршы вакцина жок, бирок каалоочулар аны бейтапканадан алса болот.

Бишкек шаарында былтыр тогуз айда 26 бейтап менингококк инфекциясы менен катталып, эки бейтап каза болгон, ооругандардын 16сы 14 жашка чейинки балдар экени маалымдалган. Январь айында Кыргызстанда жети бейтап катталган, алардын төртөө Бишкекте, экөө Чүй жана бирөө Ош облустарында.

XS
SM
MD
LG