Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:07

Лондондо Орусия элчилигинин алдындагы көчө украин желегинин түсүнө боёлду


Британиялык Led By Donkeys уюмунун активисттери 23-февралда Орусиянын Лондондогу элчилигинин консулдук бөлүмүнүн алдындагы көчөнү украин желегинин түсүнө боёшту.

Активисттердин айтымында, бул кадамы менен алар Орусиянын кол салуусунун бир жылдыгына карата Украинага тилектештигин билдиришти.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова бул акцияны өтө начар "психикалык кадам" катары мүнөздөдү.

Led By Donkeys уюму 2018-жылы түзүлгөн. Ал Брекзитке каршы болгондор менен Улуу Британиянын Консервативдик партиясын сындагандарды бириктирет.

24-февралда Орусиянын Украинага басып киргенине бир жыл болду. Бул датага байланыштуу бир катар мамлекеттерде, анын ичинде Кыргызстанда да Украинага тилектештик акциялары өтүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG