Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:17

Каныбек Иманалиев билим берүү министринин милдетин аткарат


Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

Парламенттин мурдагы депутаты Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн сунушталат.

Президенттин дагы бир жарлыгына ылайык, Уланбек Мамбетакунов билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду.

54 жаштагы Каныбек Иманалиев - кесиби боюнча журналист. Улуттук университеттин бүтүп, эмгек жолун "Асаба" гезитинде баяндамачы болуп баштаган. Кийин ал ошол кездеги президент Аскар Акаевдин маалымат катчысы болгон.

2000-жылы Жогорку Кеңештин Эл Өкүлдөр палатасына депутаттыкка шайланган. 2005-жылы Төмөнкү Ала-Арча бир мандаттуу округунан депутат болуп шайланып, президент Курманбек Бакиевдин бийлигине оппозициячыл маанайдагы саясатчылардын бири болгон.

2010-жылы "Ар Намыс", 2015-жылы «Ата Мекен» партияларынын тизмеси менен депутат болгон. "Ата Мекендин" катарында жүргөн учурда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигине оппозиция катары бир катар иштерди сындап чыккан.

2020-жылдагы Октябрь окуясынан соң учурдагы президент Садыр Жапаровдун саясатынын бир катар багыттарын сындап, 2021-жылдагы президенттик шайлоого да катышкан эле. Иманалиев жазуучу жана акын катары белгилүү. Саясий илимдердердин доктору. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG