Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:24

Ыраакы Чыгышта согушка каршы чыккандар кармалды


Николай Зодчий согушка каршы пикетке Путиндин Биринчи каналда сүйлөгөн учурундагы сүрөттөрүн көтөрүп чыккан.
Николай Зодчий согушка каршы пикетке Путиндин Биринчи каналда сүйлөгөн учурундагы сүрөттөрүн көтөрүп чыккан.

Ыраакы Чыгышта Орусиянын Украинага басып киришине каршы чыккандар кармалды. Хабаровскиде полиция кызматкерлери Владимир Путиндин сүрөтүн көтөрүп пикетке чыккан активист Николай Зодчийди кармаганын "Сибирь.Реалии" жазды. Полиция аны менен "түшүндүрүү ишин" жүргүзүп, коё берген.

Буга чейин армияга чакыруу курагын өзгөртүүгө каршы чыккан саясатчы Илья Яшин кармалган.

Владивостокто борбордук аянтка согушка каршы плакат менен чыккан жергиликтүү тургунду полиция алып кеткенин ОВД-Инфо маалымдады.

24-февралда Орусия Украинага басып киргенине бир жыл болду. Бул аралыкта Орусияда согушка каршы чыккан бир канча активист кармалды. Кремлдин саясатын колдобогон айрым жарандар өлкөдөн чыгып кетишти. Мобилизация башталганда чет өлкөгө кеткен орусиялыктардын саны да кескин өскөн.

XS
SM
MD
LG