Бишкек шаарында кургак учукка каршы 128 орундуу жаңы оорукана колдонууга берилди. Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдиргендей, медициналык мекеме Германия өнүктүрүү банкынын “Кургак учук менен күрөшүү программасы – V” гранттык долбоорунун негизинде 6,5 млн. еврого курулду.
Оорукананын ачылышына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Германиянын Бундестагынын делегациясы жана өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил, Германия өнүктүрүү банкынын аймактык директору Андреас Шнайдер катышты.
“1992-жылдан бери Германия өнүктүрүү банкы биздин өлкөгө түрдүү тармактар боюнча 298 млн. евродон ашык каражат бөлгөн. Германиянын биздин калыптануубузга жана туруктуу өнүгүүбүзгө, ошондой эле глобалдык пандемия учурунда колдоо көрсөтүүсүн жогору баалайбыз”, - деди Эдил Байсалов.
Ооруканада кургак учуктун дарыга туруктуу, сезгич, ачык жана жабык түрлөрүн дарылоочу палаталар бар. Радиологиялык бөлүм жана интенсивдик терапия бөлүмү бардык керектүү медициналык жабдуулар менен жабдылган.
Лабораторияда гематологиялык, биохимиялык, заара, ИФА анализаторлору, заманбап желдетүү системасы бар. Мекеменин имаратында микробдорду тышка чыгарбай турган ХЕПА-фильтрлери орнотулган, ультра кызгылт көк бактерициддик лампалардан өткөн аба дезинфекцияланып турат.
Адистердин эсебинде, кургак учук боюнча Кыргызстан кооптуу зона, жылына бул оору жети миңдей адамдан аныкталат. (TAb)