Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:23

УКМК: Адам уурдоого шек саналган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды


УКМКнын маалымат кызматы тараткан сүрөт.
УКМКнын маалымат кызматы тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети(УКМК) адам уурдоого жана опузалап акча талап кылууга шек саналган үч адам (К.Н.Б., С.Ч.Ш. М.А.М.) кармалганын билдирди. Маалыматта кармалгандар 19-февралда Бишкекте "А. Т. аттуу адамды алдап жолугушууга чакырып, белгисиз жакка алып барып, бычак менен коркутуп, денесине оор залал келтиришкени" айтылат.

"Аны эс-учун жоготкон абалда Бишкектеги батирлердин биринде үч күн кармашып, күч колдонуп коркутуу менен 3000 доллар талап кылышкан",-деп билдирди УКМКнын маалымат кызматы.

Бул факты боюнча үч киши шек саналып кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө жүрүп жатканы кабарланды.

УКМКнын маалымат кызматы мекеме уюшкан кылмыштуу топторго жана ошондой эле спортчулардын кылмыш дүйнөсүнө азгырылып кетүүсүн алдын алуу иштерин жүргүзүп жатканын маалымдады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG