Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:16

"Азаттыктын" кабарчысы чек ара маселелерин чагылдыруу боюнча сынактан утту


Жеңиш Айдаров (ортодо) калыстар тобунун мүчөлөрү менен, Баткен. 25-февраль, 2023-жыл.
Жеңиш Айдаров (ортодо) калыстар тобунун мүчөлөрү менен, Баткен. 25-февраль, 2023-жыл.

"Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы Жеңиш Айдаров "Чек ара маселелерин чыр-чатакка сезимталдык жана конструктивдүү журналистиканын негиздеринде чагылдыруу" боюнча сынакта 2-орунду алды.

Жеңиш Айдаров сынакка "Баткен: тынчтыкты тилеген ишкерлер" деп аталган видеоматериалы менен катышкан. Сынакты "Эл аралык толеранттуулук үчүн" коомдук фонду уюштурду.

Жеңиш Айдаров 12 жылдан бери чек ара маселелерин чагылдырып, “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы болуп иштеп келет.

Кыргызстандын Баткен облусу Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешет. Кыргыз-тажик чек арасында акыркы убактарда ондогон ар кандай мүнөздөгү чыр-чатактар катталган. Эң кандуу жаңжал 2021-жылдын жазында, 2022-жылдын күзүндө болуп, эки тараптан тең ондогон адамдар, анын ичинде карапайым тургундар, балдар, аскерлер набыт кеткен. Жүздөгөн киши жараат алган, турак жайлар талкаланган. Бул үчүн эки өлкө бирин-бири айыптаган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG