Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:51

Комитет министр кызматына Иманалиевдин талапкерлигин колдоду


Каныбек Иманалиев. Архивдик сүрөт.
Каныбек Иманалиев. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети 27-февралдагы жыйынында билим берүү жана илим министрлиги кызматына Каныбек Иманалиевдин талапкерлигин бир добуштан колдоду.

Ал билим берүү тармагын реформалоо боюнча концепцияны бир айда даярдап, парламентке алып келерин билдирди.

24-февралда билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Каныбек Иманалиев кесиби боюнча журналист жана буга чейин Жогорку Кеңештин төрт чакырылышына депутат болгон.

2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин президент Садыр Жапаровдун саясатынын бир катар багыттарын сындап жүргөн, 2021-жылдагы президенттик шайлоодо талапкерлигин койгон. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG