Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:15

Талибдер “Ислам мамлекети” террордук уюмунун эки мүчөсүн жок кылганын жарыялады


“Ислам мамлекети” террордук уюмунун жоочуларына каршы операциядан кийин. Кабул, 14-февраль 2023-жыл
“Ислам мамлекети” террордук уюмунун жоочуларына каршы операциядан кийин. Кабул, 14-февраль 2023-жыл

“Талибан” кыймылынын коопсуздук аскерлери Кабулдагы рейд маалында “Ислам мамлекети” террордук уюмунун эки мүчөсүн жок кылганын, дагы бирөөнү кармаганын талибдер жетектеген өкмөттүн басма сөз катчысы Забихулла Мужахид билдирди.

Уюмдун жергиликтүү канаты – “Ислам мамлекети-Хорасан” тобу “Талибандын” атаандашы болуп эсептелет. Талибдер бийликке келген 2021-жылдын августунан бери ал жоочулар Ооганстанда чабуулдарын күчөттү.

Мужахиддин айтымында, 27-февралга караган түнү болгон рейд “Ислам мамлекети” террордук уюмунун ооган башкалаасында кол салуу уюштурууну көздөгөн согушкерлерин бутага алган. Операция жоочулар баш пааналаган Кхер Кхана конушунда жүргүзүлдү.

Экстремисттик уюм окуяны комментарийлеген жок.

Мужахид бир топ курал-жарак колго түшурүлгөнүн, талибдер жоготууларга учурабаганын кошумчалады.

Февралда “Талибандын” чалгын кызматы “Ислам мамлекетинин” үч согушкерин жок кылганын, дагы бирин кармаганын билдирген. Ошондо уюм Кабулдагы кол салууну ишке ашырганын айткан.

XS
SM
MD
LG