Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:35

Эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап туруу чечими күчүнө кирди


Улуттук банктын өкүлдөрүнүн басма сөз жыйыны. 2023-жылдын 28-февралы.
Улуттук банктын өкүлдөрүнүн басма сөз жыйыны. 2023-жылдын 28-февралы.

Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап туруу чечимин кабыл алды. Чечим 28-февралда күчүнө кирди. Бул тууралуу мекеменин расмий өкүлү Аида Карабаева 28-февралда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

Карабаева быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда керектөө баалары 2,8% жогорулап, жылдык инфляция 15,9% түзгөнүн айтып, «инфляциялык фон салыштырмалуу орточо» деңгээлде турганын кошумчалады.

Улуттук банктын маалыматына караганда, өлкөдө экономикалык активдүүлүк жогорулап, ички суроо-талап калыбына келүүдө. Ички дүң өнүмдүн реалдуу өсүшүнүн темпи январь айынын жыйынтыгы менен 4,8% түздү.

Эсептик чен инфляцияны ооздуктоочу негизги каржылык каражаттардын бири. Ал жогоруласа инфляциялык процесстер акырындайт, бирок экономикалык өнүгүү темпи төмөндөйт. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG