Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:31

Кемпир-Абад иши: Эрлан Бекчоро Жогорку Соттун төрагасына кайрылды


 Эрлан Бекчоро уулу.
Эрлан Бекчоро уулу.

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта отурган активист Эрлан Бекчоро уулу Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбаевге кат жолдоп, аны соттук отурумга катышууга чакырды. Активисттин катын жубайы Шаршекүл Аманова 28-февралда Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Катта Эрлан Бекчоро уулу Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалгандар 2022-жылдын 23-октябрынан бери сотту, тергөөчүлөрдү мыйзам талаасына чакырып келе жатканын белгилеген.

"Буга чейин 5 жолу соттук отурумда тергөө кызматкерлери тарабынан одоно мыйзам бузуулар болуп жатканына жактоочулар аркылуу өтүнүч келтирилген, натыйжа жок. Сиздин ишеним арткан шаардык, райондук соттогу кадрларыңыз биздин мыйзамдуу үнүбүздү уккан жок. Сиз Жогорку Кеңештин отурумунда соттор көз каранды болуп жатканын, алыңыз жетпей жатканын мойнуңузга алдыңыз эле. Келиңиз, биз сизге жардам берели. Сизди биздин бөгөт чарабызды караган шаардык сотко чакырабыз. Ошол жерден сиздин кадрлар сизди сыйлабастыгын “ реформа кылам” деген мээнетиңиз кандай тебеленип жатканын көрөсүз жана соттор алдында кадырыңыз канча экени даана билинет. Сиз үмүт арткан соттор мыйзамдарды, сизди сыйлабаса сиздин бул жогорку кызматта турганыңыз канчалык туура?" - деп жазган ал Жогорку Соттун төрагасына жолдогон катында.

Жогорку Сот бул боюнча комментарий бере элек.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат. Алардын айрымдары ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган же ооруканага жатууга уруксат алган.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат.(BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG