Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:17

Блинкен Вашингтон Казакстандын суверенитетин колдой турганын билдирди


АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушууда. Астана, 28-февраль 2023-жыл.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушууда. Астана, 28-февраль 2023-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Астанада Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолукту.

28-февралда Блинкен америкалык тышкы саясий мекеменин жетекчиси катары биринчи жолу аймакка барды. Казак тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен сүйлөшүүдө АКШнын башкы дипломаты Вашингтон Казакстандын суверенитетин, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдоорун билдирди.

Казакстан Орусия менен эң узун чек араны бөлүшкөндүктөн Украинада согуш тутанганда айрым казакстандыктар арасында чочулоо пайда болгон. Кошуна өлкө этникалык орустардын саны жагынан мурдагы советтик жумурияттардан Украинадан кийинки экинчи орунда турат.

Астанада Блинкен Борбор Азиянын тышкы иштер министрлери менен жолугушмакчы. Андан кийин Ташкентке жол тартат.

Вашингтондун жогорку өкүлүнүн аймакка сапары Орусия Украинага кол салгандын бир жылдыгына туура келди. Байкоочулар уруш Москванын Борбор Азияга болгон таасири үчүн чоң сыноо экенин белгилешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG