Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:56

Молдовада орусиячыл партия кайрадан митинг уюштурду


Кишиневдогу демонстрация. 28-февраль 2023-жыл
Кишиневдогу демонстрация. 28-февраль 2023-жыл

Шейшембиде Кишиневдо "Элдик кыймыл" уюштурган митинг болду. Кыймылдын өзөгүн эл аралык издөөдө жүргөн ишкер Илон Шордун партиясы түзөт. Молдовада аларды негизги орусиячыл күч деп билишет.

"Шор" партиясы былтыр сентябрда парламенттик жана президенттик шайлоо өткөрүү талабы менен мөөнөтсүз митингдер башталарын эскерткен.

Маалымат каражаттары кабарлагандай, соңку акцияга үч миңдей киши чогулду. Уюштуруучулар элди коммуналдык төлөмдөр үчүн компенсация талап кылууга чакырышкан.

Катардагы митингчилер ар бири өз талабы менен келишкенин айтып жатышты. Акцияда президент Майя Сандуну кетсин деген ураандар да жаңырды. Байкоочулар олигархтын партиясы Молдовадагы саясий кырдаалды бейстабилдештирүүнү көздөйт деп айтышат.

Орусия Молдованын жикчил Приднестровье аймагында миңден ашуун аскерин жайгаштырган.

Москва Украина Приднестровьеге басып кирүүнү көздөп жатат деген жалган билдирүү таратып, 2014-жылы Крым жарым аралын аннексиялагандай шылтоо издеп жатат деген шектенүүгө жем таштады.

Молдованын батышчыл президенти Майя Санду жана Украинанын мамлекет башчысы Владимир Зеленский Москва Приднестровьеден украин аймагына кирүү үчүн Молдовада дестабилдештирүүчү иш-аракеттерди пландаштырып жатканын эскертишкен.

Бир нече күн мурун АКШ президенти Жо Байден Польшада Санду менен жолукканда Вашингтон “Молдованын суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн бекем колдой турганын” кайталады.

XS
SM
MD
LG