Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:31

Өзүнө өрт койгон адам ооруканада көз жумду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте өзүнө бензин чачып, өрт койгон адам ооруканада каза болду. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, ал 1-мартка караган түнү Тез жардам клиникалык ооруканасында өзүнө келе албай көз жумду.

Окуя 28-февралда Шопоков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Тез жардам кызматы аны ооруканага жеткирген.

Өзүнө өрт койгон адам 44 жашта болгону, денесинин дээрлик 80% күйүп калганы маалымдалды. Мындай кадамга аны кайсы жагдай түрткөнү тууралуу азырынча комментарий бериле элек. Милиция териштирүү жүргүзүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG