Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:31

Кыргызстан биологиялык коопсуздук жаатында Орусия менен тыгыз кызматташканы жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан биологиялык коопсуздук боюнча концепция даярдап, бул жаатта Орусия менен тыгыз кызматташканы жатат. Бул тууралуу 1-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Асеин Исаев билдирди.

Депутат Гүлшаркан Култаева биологиялык коркунучтарга каршы күрөшүү жаатында кандай жумуштар жасалып жатканына кызыкты.

Асеин Исаев бул боюнча компетенттүү мекеме Саламаттык сактоо министрлиги экенин белгилеп, төмөнкүлөрдү айтты:

“ЖККУ ичинде бул багытта эң өнүккөн өлкө Орусия экен. Жакында Тышкы иштер министрликтери ортосунда консультация өткөрөбүз. Биздин Саламаттык сактоо министрлигибиз азыр концепция иштеп чыгууда. Учурда жаңы коркунучтар пайда болуп жатат. Ошондуктан биз адегенде өзүбүздө ички концепция иштеп чыгып, Орусия менен тыгыз иштегени жатабыз бул маселе боюнча. Коронавирус көп коркунуч алып келди, жаңы чакырыктар болду. Ошонун баары иреттелип, концепцияга киргизилет”.

Бүгүн Жогорку Кеңеште Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Уставына биологиялык коопсуздук жаатында да кызматташуу тууралуу норманы киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда кабыл алынды. 1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан.(RK)

XS
SM
MD
LG