Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:28

ЖККУнун Уставын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору каралды


ЖККУ уюмуна мүчө өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары.
ЖККУ уюмуна мүчө өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Уставын өзгөртүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам бүгүн 1-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында биринчи окууда каралып, кабыл алынды.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, протоколго былтыр август айында кол коюлган. Ага ылайык, уюмдун Уставы “ЖККУга мүчө өлкөлөр биологиялык коопсуздук жаатында да кызматташат” деген норма менен толукталат.

Талкуу учурунда депутат Гүлшаркан Култаева биологиялык коркунучтарга каршы күрөшүү жаатында Кыргызстанда кандай жумуштар жасалып жатканына кызыкты.

Протокол тууралуу маалымат берген тышкы иштер министринин орун басары Асеин Исаев Кыргызстан биологиялык коопсуздук боюнча концепция даярдап жатканын, бул жаатта Орусия менен тыгыз кызматташуу каралганын билдирди.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан.

Интернеттеги ачык маалыматка караганда, 2008-жылы Кыргызстан жана Канада биологиялык коргоо жана коопсуздук боюнча лаборатория куруу тууралуу келишимге кол коюшкан. Эгер ал ишке ашса, лаборатория Бишкектеги Ботаникалык бактын аймагында курулмак. Кыргызстан өлкө аймагында BSL3 биологиялык лабораториясын курууга каршы экендигин Москвада өткөн жыйында билдиргенин былтыр 19-апрелде Саламаттык сактоо министрлиги кабарлаган. (RK)

XS
SM
MD
LG