Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:29

Бишкекте абакта отурган украин жараны өзүн Беларуска экстрадиция кылбоону өтүндү


Украинанын атуулу Башкы прокуратуранын өзүн Беларуска экстрадиция чечимин токтотуу өтүнүчү менен Садыр Жапаровго кайрылды.
Украинанын атуулу Башкы прокуратуранын өзүн Беларуска экстрадиция чечимин токтотуу өтүнүчү менен Садыр Жапаровго кайрылды.

Учурда Бишкектеги тергөө абагында отурган украин жараны президент Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жолдоду.

Анда ал мурда Беларуста Андрей Ковалев деген ат менен жашаганын, бийликтин куугунтугуна байланыштуу ал жактан качып чыкканын, 2017-жылы Украинада качкын макамын, андан кийин жарандык алып аты-жөнүн Владимир Кадария деп өзгөрткөнүн билдирген. Катта ал Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Беларустун өзүн экстрадициялоо тууралуу өтүнүчүн канааттандырганын жазган. Беларус бийлиги ага "Компьютердик маалыматты модификациялоо жолу менен мүлк уурдаган" деген айып такканын билдирген. Беларуста өмүрүнө коркунуч жаралгандыктан, Украинадан качкын макамын суроого мажбур болгонун айткан.

Адвокат Автандил Алимжанов Кадариянын кайрылуу жолдогонун ырастады.

Анын билдирүүсүндө, украин жараны былтыр августта Кыргызстанга келип, сентябрда Беларустун өтүнүчүнө байланыштуу эки айга камакка алынган. Камакта жатканда Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине качкын макамын алуу үчүн кайрылып, 2022-жылдын 9-декабрында аны качкын деп таануу боюнча арызы катталды деген күбөлүк берилген. 12-декабрда Биринчи май райондук соту Башкы прокуратуранын маалыматынын негизинде экстрадициялоо чечимин чыгарган.

Адвокаттар доо арыз менен кайрылган Бишкек шаардык соту 15-февралда райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Сирожидин Камалов бул маселе боюнча чечим Кыргызстандын Жазык кодекси жана Кишинев конвенциясына ылайык кабыл алынганын айтуу менен чектелди.

Ковалевдун Кыргызстандан алган күбөлүгү.
Ковалевдун Кыргызстандан алган күбөлүгү.

Буга чейин БУУнун Адам укугу боюнча жогорку комиссиариатынын Борбор Азиядагы өкүлү Фабио Пиана жана БУУнун Качкындар агенттигинин Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүн жетектеген Ганс Дридрих Шоддер башкы прокурор Зулушевге кайрылып, Кадарияны экстрадициялоо чечими эл аралык конвенция менен жергиликтүү мыйзамды бузуп жатканын эскертишкен, аны жокко чыгарууга чакырышкан.

Президенттик администрация Кадариянын кайрылуусуна комментарий бере элек. (BCh)

XS
SM
MD
LG