Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

Таласта Манастын айкели орнотулат


Эстеликтин долбоору.
Эстеликтин долбоору.

Таласта облустук акимчиликтин алдына Манастын эстелиги орнотулат. Бул тууралуу Талас шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, айкел Түркиянын Стамбул жана Анкара шаарында коюлган Манастын эстелигинин көчүрмөсү. Бийиктиги 12 метрди түзгөн эстеликти жеке ишкер Темирлан Сарлыкбек уулу белек катары берген. Анын жалпы баасы 8, 7 млн. сомду түзөт. Эстеликти алып келүүгө жана орнотууга "Альянс Алтын" өнүктүрүү фонду 1 млн. 160 миң сом бөлгөн.

Анын расмий ачылышы 21-мартка пландалууда. Айкелдин авторлору Кыргыз эл сүрөтчүсү, скульптор Садабек Ажиев жана Токталы Мурзакаримов. Буга чейин Манастын айкели Талас шаарындагы Нуржанов аллеясына коюлары маалымдалып, пайдубалы даярдалган. Бирок айкелдин көрүнүшү талапка жооп бербей калганы айтылып, бөлүнгөн каражаттын дайыны айтылбай калган. Улуттук коопсуздук боюнча комитети кылмыш ишин козгогон.

Манастын айкели 2021-жылы Түркиянын башкалаасы Анкара шаарынын Кечиөрен аймагында, 2017-жылы Стамбул шаарында орнотулган. (MKt)

XS
SM
MD
LG