Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

Депутат Малиев Кумтөр ишканасын жер салыгын төлөтүүгө чакырды


Кумтөр.
Кумтөр.

«Кумтөр Голд Компани» ишканасын жер салыгын төлөөдөн бошотуучу норманы жоюу сунуш кылынууда. Бүгүн 2-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сүйлөп жатып депутат Арсланбек Малиев компания 30 жылдан бери иштеп келатканын, бир да жолу жер салыгын төлөбөгөнүн айтып, андай норма келишимде жазылып калганын айтты:

“Азыр Кумтөр бизге өттү. Ошондуктан Салык кызматына тапшырма бериш керек жер салыгын Жети-Өгүз районуна төлөсүн деп. Алар эски шылтоосу менен бүгүн да төлөбөй жүрүшөт. Керек болсо 30 жылдыгын төлөп берсин, ал деле чоң сумма болбойт”.

Депутаттын айтымында, былтыр ишкана 300дөн ашык миллион доллар киреше тапты.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, 2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн. Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26 пайызын өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан.

Башкы прокуратура Кумтөр кениндеги иштерди былтыр август айында текшере баштап, үч кылмыш ишин козгогон жана мамлекетке 1 миллиард сомдук зыян келтирилгени маалымдалган.

Былтыр 29-сентябрда Жогорку Кеңеште «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын Кыргызстандын менчигине өткөндөн берки ишин, алтындын казылып алынышын жана сатылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн, кийин ага ага төрага болуп Арсланбек Малиев шайланган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG