Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

FBI: COVID-19 вирусу Кытайдын лабораториясынан тараган болушу мүмкүн


Кытайдагы вирусология лабораториясы.
Кытайдагы вирусология лабораториясы.

АКШнын Федералдык иликтөө бюросунун (FBI) директору Кристофер Рэй Fox News телеканалына курган маегинде, COVID-19 пандемиясына вирустун Кытай лабораториясынан тарашы себеп болушу ыктымал экенин билдирди. Анын айтымында, мындай версияны FBI "чындыкка жакын" деп эсептейт.

Мунун алдында АКШдагы илимий лабораториялардын ишин жетектеген Энергетика министрлиги да ушундай божомол жасаган. The Wall Street Journal коронавирус лабораториядан жайылганы тууралуу версияны эки мекеме бири-бирине көз карандысыз абалда жасаганын белгиледи. Басылма алар мындай пикирге эки башка себептен улам келгенин да жазды.

Рэй Fox News телеканалына курган маегинде, Кытай өкмөтүн АКШнын пандемиянын себептерин иликтөө аракеттерине тоскоол кылганын айыптады. Ал “АКШ өкмөтү жана өнөктөштөрүнүн аракеттерине кытай өкмөтү колдон келген тоскоолдуктарды жасады” деди.

Бээжин вирус лабораториядан тараган деген версияларды кескин түрдө четке кагып келүүдө

Вирустун пайда болушун Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) да изилдеген. Бирок Кытайдан маалымат чогултуу кыйындаганда ал иш токтогон.

Коронавирустун алгачкы учуру 2019-жылдын аягында Кытайдын Ухань шаарында аныкталган. 2020-жылдын 11-мартында ДССУ аны пандемия деп жарыялаган. Уюмдун кызматкерлери 2021-жылы Ухандагы лабораторияга барып кеткенден кийин вирус ал жактан тарады деген ыктымалдык аз экенин билдиришкен. Бирок сынга кабылган уюм инфекция лабораториядан келип чыккан деген версияны жокко чыгаруу эрте экенин моюнга алган.

Кытай өз кезегинде андай божомолдорго "негиз жоктугун" айтып, АКШ дагы коронавирусту изилдегенин, вирус ошол жактан жайылганын айтып келди.
COVID-19га 700 миллионго жакын киши кабылып, көз жумгандар 7 миллионго чукулдады. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG