Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:54

Баткенде аялдар үчүн мобилдик клиника иштеп жатат


Мобилдүү көчмө клиникалардын бири.
Мобилдүү көчмө клиникалардын бири.

1-марттан тарта бир апта Баткен районундагы Самаркандек, Көк-Таш, Ак-Сай, Кара-Бак, Кызыл-Бел жана Боз-Адыр айылдарында Бишкектен барган мобилдүү көчмө клиника акысыз иштейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Негизинен кыз-келиндер текшерилип, дарыгерлерден кеңеш алса болот.

Онколог, маммолог, гинеколог, терапевт сыяктуу адистерден турган дарыгерлер тобу Баткен районунда 6-мартка чейин болот. Аларга кайрылгандарга көчмө клиникадагы заманбап жабдуулар менен кызмат көрсөтүлөрү кабарланды. Ошондой эле төрөт жашындагылар үчүн саламаттык, гендердик теңчилик жана зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Баткендеги бул иш чара "Кыргызстандагы үй-бүлөнү пландоо альянсы", Британиянын Бишкектеги элчилиги, БУУнун Калк фондунун техникалык көмөгү менен ишке ашууда. 20-28-февралда мындай текшерүүлөр Баткен облусунун Лейлек районунда уланат.

Кыргызстанда аялдар арасында акыркы жылдары жатын моюнчасынын жана көкүрөк безинин онкологиялык шишиктери көп катталууда. Ушундан улам дарыгерлер кыз-келиндерге жылына бир ирет адистин жалпы кароосунан өтүүнү сунуштап келишет. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG