Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:28

Эки айда 35,9 млрд. сом салык жана камсыздандыруу төлөмдөрү чогулду


Иллюстрация.
Иллюстрация.

2022-жылдын январь, февраль айында 35,9 млрд. сом салык жана камсыздандыруу төлөмдөрү чогултулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдады.

Чогулган сумма мурдагы белгиленген пландан 455 млн. сомго ашык жана былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,2 млрд. сомго көп деп билдирди салык кызматы. Каражаттын 26,5 млрд. сому салык, ал эми 9,5 млрд. жакын каражат камсыздандыруу төлөмдөрүнөн чогулган.

Быйыл 1-январдан тартып Кыргызстанда жаңы салык мыйзамы күчүнө кирди. Кыргызстанда соода-сатык менен алектенген ишкерлердин товарында товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) болушу шарт, азыр кагаз түрүндөгүсү колдонулуп келе жатат. Ал үчүн соодагер Салык кызматынын маалыматтык системасынан “жеке кабинет” ачып, ар бир коштомо кагазын электрондук түрдө тиркеп турушу керек. Ансыз товарын алып өтө албайт.

Салык кызматы жаңы талаптын максаты ачыктыкты жана айкындуулукту камсыз кылуу экенин билдирип, “Көп ишкерлер 1-2 миң сомго патент сатып алып коюп, 30-40 миллион сомго товар сатып, өкмөттү алдап келишкен. Аны биз далилдей албай калган учурлар бар. Эми электрондук-товардык жүгүртүү болгондо ишкерге товар келгенде биздин базага автоматтык түрдө маалымат түшөт. Бардык салык төлөөчүлөр бирдей төлөшү керек” деген комментарий берген.

Буга чейин Бишкектеги айрым базарлардын соодагерлери жаңы салык эрежелерине нааразы болуп бир нече ирет акцияга чыгышкан.

Министрлер кабинети салык саясатын реформалоодон 2022-жылы бюджетке 207 млрд. 901,6 млн. сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултканын, бул белгиленген пландан 3,7 млрд. сомго көп экенин кабарлаган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG