Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:54

Грекиядагы нааразылыктардан улам коомдук транспорт токтоп калды


Афины шаарындагы демонстрациялардан тартылган сүрөт.
Афины шаарындагы демонстрациялардан тартылган сүрөт.

Грекияда уланып жаткан демонстрациялардан улам 8-мартта бир катар коомдук транспорт каттамдары токтоп калды. Темир жол тармагында иштеген жүздөгөн жумушчулар иш таштап, өкмөттү коопсуздукка көңүл бурууга чакырууда.

Марттын башында ондогон адамдын өмүрүн алган поезд кырсыгынан кийин башталган демонстрациялар 8-мартта кечинде парламенттин имаратынын алдында аяктайт деп күтүлүүдө.

Премьер-министр Кириакос Мицотакис каргашалуу окуяга адам фактору себеп болушу мүмкүн экенин айткан. Кийинчерээк темир жолдогу коопсуздукка көңүл бурулбай калганы да кырсыкка алып келген болушу мүмкүндүгүн моюнга алган. Окуядан кийин транспорт министри отставкага кеткен.

Мөөнөтү ушул жайда бүтө турган өкмөт күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга убада берген.

1-мартта жүргүнчү жана жүк ташуучу поезддер кагылышканда каза тапкандардын көбү студенттер болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG