Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:18

БУУнун баш катчысы Гутерриш менен президент Зеленский Киевде жолугат


Гуттериш менен Зеленскийдин Львовдогу жолугушуусу. 18-август, 2022-жыл.
Гуттериш менен Зеленскийдин Львовдогу жолугушуусу. 18-август, 2022-жыл.

8-мартта БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевде жолугары кабарланды. Жолугушууга азык-түлүк коопсуздугуна, соода операцияларын жүргүзүүгө жооптуу адистер да катышары маалым болду.

БУУдагы ишенимдүү булактар Гутерриш бир күн мурун Польшага учуп кеткенин, ал жерден Украинага багыт аларын билдиришкен. Баштапкы маалыматтарга караганда, жолугушууларда БУУ, Түркия, Орусия жана Украина ортосундагы Кара деңиз порттору аркылуу украин данын экспорттоо боюнча келишим талкууланат. Келишим 2022-жылдын июлунда түзүлгөн.

Reuters агенттиги украин өкмөтүндөгү булагына таянып, Киев Москва менен байланышы бар эл аралык өнөктөштөрү аркылуу Орусия менен кыйыр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жазды.

Орусия Украинага согуш ачканы Кара деңиз аркылуу дан экспорттоого мүмкүн болбой калган. Бул маселени чечүү максатында июлда Орусия менен Украинанын ортосунда БУУ жана Түркиянын ортомчулугу менен атайын келишим түзүлгөн.

Былтыр октябрда Орусия Украинаны кемелерине жасалган чабуул үчүн айыптап убактылуу келишимден чыгып, кайра кайткан. Расмий Киев Москва жөн гана шылтоо издеп жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG