Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:03

"Альфа Телекомдун" мурдагы жетекчилеринин бири камакка алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Альфа Телеком» ишканасынын (MEGA мобилдик байланыш компаниясы) мурдагы жетекчилеринин бири жемкорлукка айыпталып кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бүгүн 10-мартта билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, учурда аталган ишканага жабдыктар жогорулатылган баада сатылып алынганына байланыштуу кылмыш иши иликтенип жатат жана башкы директордун мурдагы орун басары менен IT технологиялар боюнча департаменттин жетекчилиги 20 миллион сомдук зыян келтирген деп шектелүүдө.

Алар, атайын кызмат билдиргендей, тендердин айрым катышуучулары менен жең ичинен сүйлөшүп алып, IT жабдыктарды кымбатыраак баада сатып алышкан.

“Далил материалдардын негизинде П.М.А. аттуу адам Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди”, - деп билдирди УКМК.

MEGA (мурдагы MegaCom) 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин улутташтырылган. Кийин ага байланыштуу бир нече соттук териштирүү жүргөн. Ишкананын акцияларынын 100 пайызына өкмөт ээлик кылат. Аны инвесторго сатуу аракети бир нече жылдан бери көрүлүп келе жатат.

Дүйнө жүзүндө жемкорлуктун деңгээлин изилдеген Transparency International уюму былтыркы жылдын жыйынтыгын чыгарып, Кыргызстанда жемкорлук азайган жок деген бүтүмгө келген. Кыргызстан уюмдун индексиндеги жалпы 100 баллдан 27 упай алып, дүйнөдөгү 185 өлкөнүн ичинен 140-орунду ээледи. Кыргызстан ондогон жылдардан бери жемкорлук индексинде 30 упайга жете албай келет. Упай канчалык көп болсо, ошол өлкө жемкорлуктан арылуу жолунда экенин далилдейт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG