Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:24

Иран менен Сауд Арабия мамилелерин калыбына келтирүүнү макулдашты


Эки өлкөнүн желектеринин элесиндеги пазл. Иллюстрация.
Эки өлкөнүн желектеринин элесиндеги пазл. Иллюстрация.

Иран менен Сауд Арабиясы мамилени калыбына келтирип, жакын арада элчилерди дайындоону макулдашты. Бул тууралуу 10-мартта эки өлкөнүн маалымат каражаттары кабарлашты.

Макулдашуунун алдында Кытайдын ортомчулугу менен Бээжинде сүйлөшүүлөр өткөн.

Ирандын мамлекеттик IRNA агенттиги билдиргендей, Эр-Рияддагы жана Тегерандагы элчиликтер эки айдын ичинде ишин уланта баштайт.

Шиит мусулмандары көпчүлүктү түзгөн Иран менен суннит мусулмандар байырлаган Сауд Арабиянын мамилеси акыркы жылдары кастык мүнөзгө ээ болуп турган. Тегеран менен Эр-Рияд Сирия менен Йемендеги кандуу кагылышууларда карама-каршы тараптарды колдошкон. 2016-жылы өлкөлөр ортосундагы мамиле расмий түрдө үзүлгөн.

Жума күнү Сауд Арабиясы менен Иран биргелешкен билдирүү таратып, өлкөлөр бири-биринин ички иштерине кийлигишпей турганын белгиледи.

Региондогу эки ири өлкөнүн мамилесинин калыбына келиши тууралуу маалымат Сауд Арабиянын салттуу өнөктөшү болгон Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы чыңалуу күчөп турганда жарыяланды. АКШнын коргоо министри Ллойд Остин бир күн мурун Израилге келгенде Иран өзөктүк куралдарга ээлик кылбашы керектигин айткан.

XS
SM
MD
LG