Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

“Навальный” даректүү тасмаcы “Оскар” алды


“Навальный” тасмасы буга чейин да бир катар сыйлыктарды алган.
“Навальный” тасмасы буга чейин да бир катар сыйлыктарды алган.

Канадалык режиссёр Дэниел Роер тарткан “Навальный” аттуу даректүү тасма “Эң мыкты даректүү тасма” категориясында “Оскар" сыйлыгын алды. Сыйлык тапшыруу аземи 13-мартка караган түнү Лос-Анжелесте өттү.

Иш-чарага режиссер менен бирге Алексей Навальныйдын жубайы, кызы жана уулу – Юлия, Дарья жана Захар да катышты.

“Менин жолдошум чындыкты айтканы үчүн түрмөдө отурат”, - деди Юлия “Долби” театрынын сахнасында.

Даректүү тасманын бет ачары 2022-жылы январь айында болгон. Анда 2020-жылы орусиялык оппозиционердин уулануусу, Германиядагы дарылануусу, өз башынан өткөндөрдү иликтөөгө жасаган аракети жана Москвада камакка алынганы тартылган.

Тасмага Алексей Навальный өзү, жакындары жана Коррупция менен күрөшүү фонду, журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзгөн Bellingcat уюмунун жетекчиси Христо Грозев тартылган. Аны Американын CNN телеканалы жана Британиянын BBC Two телеканалдарынан көрсөтүшкөн. Тасма Орусияда көрсөтүлгөн эмес.

“Навальный” даректүү тасмасы буга чейин Американын продюсерлер гилдиясынын (Producers Guild of America, PGA) “Мыкты даректүү тасма” категориясында жеңүүчү болгон. Британиянын BAFTA киноакадемиясынын сыйлыгына да татыган.

Кремлдин кескин сынчысы катары таанылган Навальныйды сот "Коррупцияга каршы күрөшүү фондуна түшкөн акчаны иштетүүдө алдамчылыкка барган, өзүнүн жеке иштерине колдонгон" деп тапкан. Кийин ага сотту кемсинтүү иши кошулган.

Навальный учурда Владимир облусундагы Мелехово шаарчасында күчөтүлгөн тартиптеги абакта отурат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG