Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:54

Депутат катышкан мушташты милиция териштирип жатат


Социалдык тармактарга тараган видеодон алынган скриншот.
Социалдык тармактарга тараган видеодон алынган скриншот.

12-мартта социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировго окшош киши бир адамды ур-токмокко алып жаткан видео тарады. Тасмада топ кишилер жулмалашып атканын, арасында депутатка окшош адам бирөөнү сабаганын көрүүгө болот.

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы 12-мартка караган түнү Бишкекте ресторандардын биринде мушташ болгонун билдирди. Мекеме жабырлануучу аны белгисиз бирөө сабаганын айтып арызданганын жана окуя боюнча иликтөө иштери башталганын кабарлады. Райондук милициянын маалыматына караганда, окуяга тиешеси бар адамдардын бардыгы аныкталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Интернетке таяк жеди делип башы-көзүнөн жаракат алган адамдын сүрөтү тарап жатат. Ал ресторандын коопсуздук кызматкери экени айтылууда.

Жаныбек Абиров 2021-жылы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. Ал 2016-2021–жылдары Бишкек шаардык кеӊешинин депутаты болгон. Өзү окуя тууралуу комментарий бере элек. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG