Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:53

Депутат сабаган адамдын ден соолугу боюнча маалымат берилди


Кыргызстандагы ооруканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы ооруканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук госпиталдын дарыгери Талант Жапаров Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдон токмок жеп ооруканага түшкөн адамдын ден соолугу боюнча “Азаттыкка” маалымат берди. Анын сөзүнө караганда, 26 жаштагы Арген Джекишов 12-мартта түнкү саат 2:30да ооруканага түшкөн.

“Бейтаптын абалы канааттандырарлык. Мээси чайкалып, мурду сынган. Биздин дарыгерлер бардык жардамды көрсөттү”, - деди дарыгер.

12-мартта социалдык тармактарда депутат Жаныбек Абировго окшош киши бир адамды ур-токмокко алып жаткан видео тараган. Тасмада топ кишилер жулмалашып атканын, арасында депутатка окшош адам бирөөнү сабаганын көрүүгө болот.

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы 12-мартка караган түнү Бишкектеги "Золотой дракон" ресторанында мушташ болгонун билдирди. Мекеме жабырлануучу аны белгисиз бирөө сабаганын айтып арызданганын жана окуя боюнча иликтөө иштери башталганын кабарлады.

Интернетке таяк жеп, башы-көзүнөн жаракат алган адамдын сүрөтү тарап жатат. Ал ресторандын коопсуздук кызматкери экени айтылууда.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев окуя боюнча Садыр Жапаров кабардар экенин, Ички иштер министрлигине (ИИМ) окуяны ар тараптуу иликтөө тапшырмасы берилгенин билдирди.

Жаныбек Абиров 2021-жылы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. Ал 2016-2021–жылдары Бишкек шаардык кеӊешинин депутаты болгон. Өзү окуя тууралуу комментарий бере элек. (BTo/JE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG