Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

Украин командачылыгы Бахмутту коргоону улантууну чечти


Бахмуттагы украин аскерлери. 11-март, 2023-жыл
Бахмуттагы украин аскерлери. 11-март, 2023-жыл

Украин куралдуу күчтөрүнун Башкы штабы 15-мартта билдиргендей, орус аскерлери чыгыш фронтунда 90дон ашуун ийгиликсиз чабуул жасады. Бахмуттан тышкары Лиман, Авдеевка, Мариинка жана Шахтерск шаарлары бутага алынганы кабарланды.

Маалыматка караганда, Херсон облусунун Ивановка кыштагында жарандык инфраструктарага тийген дүрмөттөн окко учкандар, кыйроолор бар. Облустун администрация башчысы Александр Прокудиндин айтымында, бир күн мурда Херсон шаарындагы турак жай соккуга кабылганда карапайым төрт киши жарадар болгон.

Ошол эле күнү Бахмуттан алыс эмес жердеги Краматорск шаарында аткылоодон бир киши мерт кетип, үчөө жараат алган.

Соккуга кабылган Курахово шаарында электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учураганын Донецк облусунун губернатору Павло Кириленко билдирген.

Шейшембинин кечиндеги кайрылуусунда президент Владимир Зеленский украин армиясынын жогорку командачылыгы Бахмутка кирген чыгыш тилкесин коргоону улантууну колдогонун айтты. Президент жыйында Бахмуттагы абал көңүл чордонунда болгонун кошумчалады.

“Бүтүндөй командачылык ал тилкени күчтөндүрүү жана баскынчыларды болушунча жок кылуу позициясын так билдирди”, - деп айтты Зеленский.

Украин коргоо министринин орун басары Анна Маляр жергиликтүү телеканалга берген маегинде Бахмут үчүн кармаштын маанилүү экенине токтолуп, орусиялыктар ал жерде “эбегейсиз сандагы аскерлерин жоготуп жатканын”, аскердик техникасынан ажыраганын, алдыга жыла албай калганын белгиледи.

Айрым көз карандысыз аскердик эксперттер эки тараптын тең жоготуулары көп деп айтышат. Согуш шартында андай маалыматтарды бышыктоо мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG