Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:44

Кемпир-Абад иши: Улукбек Маматаевге операция жасалды


Улукбек Маматаев.
Улукбек Маматаев.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отурган "Бириккен демократиялык кыймылдын" мүчөсү Улукбек Маматаевдин ден соолугу начарлап, 15-мартта эртең менен ооруканага которулду.

Ушул эле күнү ага операция жасалганын туугандары жана адвокат Асел Аргынбаева "Азаттыкка" кабарлашты. Алар Маматаев оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатканын жана абалы оор экенин белгилешүүдө.

Маматаевдин операция болгонун Жаза аткаруу кызматы дагы ырастады.

Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпы 30га жакын адам жапырт кармалган.

Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын "саясий куугунтук" деп атап келет. Камалганга чейин алар Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, “Кемпир-Абадды коргоо комитетин” түзүшкөн.

Ушул тапта Орозайым Нарматова, Перизат Суранова, Нурлан Асанбеков, Талантбек Эшалиев үй камагында. Калгандары Бишкектеги №1 тергөө абагында жатат. Буга чейин бир катар укук коргоо уюмдары, жарандык активисттер менен журналисттер абактагы аялдардын ден соолугу начарлаганын айтып, бийликти аларды үй камагына чыгарууга чакырган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG