Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:17

Каржы пирамидасын жарнамалаган таанымал адамдарды жазага тартуу сунушталды


Кыргызстанда каржы пирамидасын жарнама кылган белгилүү адамдарды дагы жазага тартуу сунушталууда.

Парламент буга байланыштуу "Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоорун 15-мартта экинчи окууда колдоду. Долбоордун демилгечиси Шайырбек Ташиев каржы пирамидасын жарнама кылгандарды эркинен ажыратуу жазасы дагы кошулганын белгиледи.

"Каржы пирамидасына байланыштуу өзүнүн беренеси бар, 221-берене. Биз азыр 221-беренеге пункт кылып жарнама кылгандар дагы жазалансын дегенди киргизип жатабыз", - деди Ташиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов каржы пирамидасын белгилүү адамдар акысыз жарнама кылбай турганын, андыктан алардын жоопкерчилигин карап, чараны күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожоевдин айтымында, жабыркагандардын көбү "белгилүү адамдар жарнама кылган үчүн акча беришкенин" билдирген.

Кыргызстанда каржы пирамидаларына акчасын алдатып, сызга отуруп калган жарандар арбын. Милиция элди жеңил жана тез киреше табууну сунуш кылган каржы пирамидаларына алданбоого чакырып, алардын иши мыйзамсыз экенин кабарлап келет.

Кыргызстанда белгилүү эстрада ырчылары, диний аалымдар, блогерлер жана тамада, алып баруучулар каржы пирамидасын жарнамалаган учурлар кездешет.

Казакстандын мажилиси былтыр жайында каржы пирамидаларын жарнама кылган блогерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мыйзам долбоорун жактырган. Эми тармактык сооданы жарнамалагандар акчалай айыпка жыгылып, же жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Тармактык маркетинг түшүнүгү 1945-жылы АКШда ишкер Ли Майтингер менен Уильям Кэсселбери Nutrilite Products компаниясынын улуттук таркатуучусу болуп дайындалгандан кийин башталган.

Бизнестин бул түрү Орусияга 1990-жылдары келип, андан Кыргызстанга да жеткен. Түштүк Корея, Кытай жана АКШда маркетингдин бул түрүн чектеген айрым мыйзамдар бар. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG