Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:16

ЖК: Элдик курултай жөнүндө мыйзам долбоору күн тартибинен алынды


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеш “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорунун концепциясын биринчи окууда талкуулап, бир топ талаш-талкуудан кийин күн тартибинен алынды. Эми тийиштүү комитетте жумушчу топ түзүлүп, берилген сунуштарды эске алуу менен оңдоп-түзөтүүлөр киргизилет.

Талкуу учурунда бир топ депутаттар тогуз ай мурда четке кагылган концепция эч кандай өзгөртүүсүз алып келингенин сынга алышкан. Алар "керектүү пункттарды өзгөртүп келгенде мынчалык талкуу болбойт эле" деген пикирлерин билдиришти.

2022-жылы 17-майда парламенттин тармактык комитети курултай мыйзамын биринчи окууда четке каккан.

Негизги талкуу концепциядагы “жергиликтүү курултайлар” деген аныктаманын тегерегинде чыккан. Депутаттар Конституцияда бир гана “элдик курултай” тууралуу айтылганын, ар бир жергиликтүү бийлик деңгээлинде өзүнчө курултай уюштуруу туура эмес экенин жана материалдык жактан кошумча жүк болорун айтышкан.

Долбоордун авторлору өз жүйөсүн келтирип, мыйзамдарга карата карама-каршылык жок экенин билдиришкен.

Президент сунуштаган документти 11 адамдан турган жумуш тобу иштеп чыккан.

Баш мыйзамда Элдик курултай - коомдук-өкүлчүлүктүү жыйын деп жазылган. Ал кеңешүүчү, байкоочу жыйын катары коомдун өнүгүү багыттары боюнча сунуштамаларды берет.

Былтыр 25-ноябрда Бишкекте 1072 делегат катышкан Элдик курултай өткөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG