Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

Кемпир-Абад иши: Клара Сооронкулова ооруканадан абакка которулду


 Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отурган Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова ооруканадан кайра абакка котурулду. Бул тууралуу анын адвокаты Чынара Жакупбекова "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, ооруканада Сооронкуловага операция жасалды жана дарыгерлер аны абакта кармоого болбойт деген корутунду беришкен.

Жактоочу аны убактылуу тергөө жайына которуу чечими "гумандуулакка жатпайт" турганын, кошумча дарыланууга муктаж экенин айтты.

Клара Сооронкуловага 20-февралда ооруканада дарыланууга уруксат берилген.

Биринчи Май райондук соту 17-февралда анын бөгөт чарасын карап, 20-апрелге чейин камакта калтырган. Сооронкулова сотто саламаттыгына байланыштуу операцияга муктаж экенин билдирген.

Ал Кемпир-Абад ишине байланыштуу былтыр октябрда отузга жакын саясатчы, укук коргочу, активисттер менен кошо кармалган.

Төрт киши үй камагында. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG