Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:42

Иликтөө: Кремлдин Кишинев менен жакындашуу тууралуу планы бар


Кишинев шаары. 11-март, 2023-жыл
Кишинев шаары. 11-март, 2023-жыл

Кремлдин Кишинев менен Москванын жакындашуусу тууралуу планы бар экенин германиялык маалымат каражаттары жазды. Бир нече медиа стратегиялык документтерди анализдеп чыгып, орусиячыл маанайды колдоо жана Молдова бийлигинин батышка ыктаган багытына тоскоолдук тузүү максаты турат деген бүтүмгө келди.

Батыштагы эксперттер документтин чын экенин далилдеди. Беш беттен турган планда Кишиневго саясий, аскердик, соода жана экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү чаралары, коопсуздук жана коомдук тармактардагы орток иштер камтылган.

Молдовага Батыш менен тиреште алдыңкы чеп катары чоң маани артылууда. Негизги максат деп тышкы күчтөрдүн, арасында НАТОнун өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүсүнө туруштук берүү белгиленген. Буга байланыштуу Молдованын Жаматтык коопсуздук келишим уюмуна жана Евразия экономикалык уюмуна кошулуусуна көмөктөшүү каралган.

Документ авторлору Кишиневдун орус рыногуна багыт алышын, орус тилин онлайн үйрөтүүнү максат кылат. 2030-жылга чейин орусиялык маалымат каражаттарынын кеңири түйүнү орношу керек.

Орусия президентинин администрациясы маалымат каражаттарынын бул тууралуу комментарий берүү өтүнүчүнө жооп бере элек.

Өткөн айда Молдова президенти Мая Санду Орусия өлкөдөгү бийликти алмаштырып, өкмөткө өз кишилерин алып келүүнү көздөп жатканын билдирген. Ал өлкөнү дестабилдештирүү планы Орусияда иштелип чыкканын, бул тууралуу украин атайын кызматтары маалымат бергенин айткан. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги бул билдирүүнү негизсиз жана далилсиз деп атаган.

Бир нече айдан бери өлкөдө орусиячыл партия акцияларды өткөрүп келатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG