Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:39

Чек ара кызматы: "Достук" бекетиндеги автомобилдик кыймыл калыбына келди


"Достук" бекети. Архивдик сүрөт.
"Достук" бекети. Архивдик сүрөт.

Бүгүн 15-мартта кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекетинде кезек күткөн автомашиналардын топтолушуна өзбек тараптагы техникалык мүчүлүштүк себеп болгонун Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, саат 17:55те Өзбекстан тараптагы «Дустлик» бекетинде жүк ташуучу жана жеңил автомашиналарды каттоо системасынын иши үзгүлтүккө учураган. Саат 19:31де маселе чечилип, кыймыл калыбына келген.

“Кыргызстандын чек арачылары жагдайды айтып, айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Жөө жүргүнчүлөр бекет аркылуу кадимки тартипте өтүүдө”, - деп билдирген мекеме.

Чек ара кызматы ошону менен катар эгер кимде-ким чек арадан өтүш үчүн коррупциялык көрүнүшкө туш болсо 0 (312) 54 43 06 номуру же pressagpskg@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылып, маалымат берсе болорун, бекетте видео көзөмөл иштеп жатканын кошумчалады.

Эки өлкөнүн чек арасында жалпысынан 15 өткөрмө бекети бар. “Достук” Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан. Андан эки өлкөнүн жарандары ары-бери каттап турушат. Өзбекстандыктар Кыргызстандын аймагы аркылуу башка мамлекеттерге кетишет, айрымдары бул жакта ар кандай жумуштарда иштешет. Өзбекстан 2010-жылдагы Кыргызстанда болгон саясий окуялар учурунда бардык чек ара пункттарын жапкан. Чектөөлөр 2017-жылдын сентябрында алынган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG