Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:10

Бишкектин айрым мектептеринде коңгуроонун ордуна комуз күүсү ойной баштады


Бишкек шаарындагы мектептердин биринде. Архивдик сүрөт.
Бишкек шаарындагы мектептердин биринде. Архивдик сүрөт.

Бишкектин айрым мектептеринде сабактар арасындагы коңгуроонун ордуна кыргыздын залкар музыканттарынын, комузчуларынын жана композиторлорунун чыгармаларынан үзүндү коюла баштаганын бүгүн 15-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, долбоордун максаты – окуучуларда мекенин таанып, сүйүү сезимин калыптандыруу.

Белгилүү комузчулар Нурак Абдрахмановдун, Асылбек Насридиновдун жана Закирбек Дүйшөналиевдин аткаруусундагы күүлөр №3, 51, 93, 95, 96, 97, 99, 100 мектептерде угузула баштаганы, долбоор президенттин тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоого, изилдөөгө жана жайылтууга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндөгү жарлыгынын негизинде ишке ашырылып жатканы белгиленди.

XS
SM
MD
LG