Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:42

АКШ дрон менен учактын кагылышы үчүн Орусияны күнөөлөдү


Су-27 жана MQ-9 Reaper, коллаж
Су-27 жана MQ-9 Reaper, коллаж

Вашингтон Кара деңизде америкалык чалгынчы дрондун орусиялык согуштук учак менен кагылышканын “эл аралык мыйзамды одоно бузуу” деп мүнөздөдү. Пентагон орус учактары аппаратты курчоого алганын билдирсе, Орусиянын Коргоо министрлиги аны четке кагууда. Бул окуядан кийин Орусиянын АКШдагы элчиси Мамлекеттик департаментке чакырылды.

"Кесипкөйлүктүн жоктугун көрсөттү"

14-мартта эртең менен Кара деңизде эл аралык мейкиндикте иштеген америкалык MQ-9 Reaper чалгын дрону орусиялык согуштук учак менен кагышты. Пентагондун визуалдык маалыматтарды таратуу кызматы билдиргендей, орусиялык эки Су-27 учагы америкалык аппаратты курчоого алган.

Патрик Райдер
Патрик Райдер

“Борбордук Европанын сааты боюнча эртең менен 7:03тө орустардын Су-27си MQ-9дун пропеллерине тийген, андан соң америкалыктар MQ-9ду эл аралык аймакта атып түшүрүүгө аргасыз болду. Анын алдында Су-27 күйүүчү майын төгүп салып, MQ-9дун алдынан олдоксон учуп өткөн. Бул окуя коопсуздуктун, кесипкөйлүктүн гана эмес компетенттүүлүктүн да жоктугун көрсөтөт”, - деди Пентагондун өкүлү Патрик Райдер.

АКШнын аба аскердик күчтөрү MQ-9 аппараты эл аралык аба мейкиндигинде кадыресе байкоо-чалгындоо ишин аткарып жүргөнүн, аны орус учактары курчоого алып, кагышуу болгону үчүн аппарат толугу менен кыйраганын маалымдады.


Москва ошол күнү кечинде орус учактары америкалык дронго күч колдонбогонун жана кагылышпаганын билдирүүдө.

Орусиялык согуш учагы менен кагышкандан кийин Кара деңизге кулаган америкалык MQ-9 Reaper дрону Румыниядагы базадан келаткан жана план боюнча чалгындоо иштерин жүргүзүп жатканын The New York Times гезити АКШнын жогорку расмий өкүлүнө таянып жазды. Аткаминер дрон Hellfire ракеталарын ташууга кудуреттүү экенин, бирок бул жолу ракеталар менен жабдылбаганын айтты.

Маалыматка караганда, 14-мартта жабдык аннексияланган Крымдан 120 чакырым жерде миссиясын аткарып жатканда орусиялык эки согуштук учак жолун тоскон.

"Муну чагым деп эсептейм"

Бул окуяга байланыштуу АКШнын Мамлекеттик департаментине Орусиянын Вашинтондогу элчиси Анатолий Антонов чакыртылды.

Анатолий Антонов
Анатолий Антонов

"Аппарат сигнал жөнөткөн транспондери өчкөн абалда учуп бараткан. Ал “атайын аскердик операциянын” зонасы деп белгиленген аба мейкиндигине учуп кирген. Биз бул тууралуу эл аралык каналдардан бардыгына эскерткенбиз. Мен муну чыныгы чагым деп эсептейм", - деди сүйлөшүүдөн кийин Антонов.

НАТОнун Брюсселдеги дипломаттары эл аралык аба мейкиндигиндеги окуя орусиялык учкучтардын кооптуу аракеттеринин артынан болгонун ырасташууда.

АКШнын улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жон Кирби дрон эч кандай коркунуч жаратпаганын айтып, аппарат эл аралык аба мейкиндигинде болгонун белгилеп, президент Байденге маалымат берилгенин кошумчалады.


Анын айтымында, орусиялык учактардын дрондорду курчоого алышы сейрек көрүнүш эмес, бирок америкалык дрон Кара деңизге биринчи жолу кулады. Кирби бул окуяга карабай Кошмо Штаттар Кара деңиздин үстүндө учуусун уланта турганын билдирди.

АКШнын негизги чалгынчы дрону саналган MQ-9 Reaper аппараты саатына 400 чакырымдан ашык учат жана абада 24 саатка чейин жүрө алат. Аппараттын баасы бир нече миллион долларга барабар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG