Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:12

"Керемет банктын" чубалган чуусунда дагы төрт киши кармалды


"Керемет банк" Бишкек, 2023-жылдын 15-марты
"Керемет банк" Бишкек, 2023-жылдын 15-марты

98% жакын акциясына Улуттук банк ээлик кылган "Керемет банктын" ишине байланыштуу дагы төрт адам кармалганын УКМК билдирди. Маалыматка караганда, келтирилген зыянды жана бул ишке тиешеси бар деген адамдарды аныктоо иштери уланууда.

Колдон-колго өткөн “Керемет Банктын” ишине байланыштуу Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басарлары, башкармалыктын мурдагы эки мүчөсү кармалды.

"Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгы жана иш боюнча алынган далилдердин негизинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басарлары «Ж.Н.» жана «Т.А.», ошондой эле башкармалыктын мурдагы мүчөлөрү «С.А.» жана «С.Н.» аттуу жарандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген", - деп жазылат атайын кызмат тараткан маалыматта.

УКМК кармалгандардын аты-жөнүн толук берген жок. Алардын ичинен Ж.Н деген Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басары Нурбек Жеңиштин аты-жөнүнө дал келет.

2014-жылдан бери өлкөнүн башкы банкында иштеген Нурбек Жеңиш былтыр 2-сентябрда кызматтан алынган. Кызматта турганда Улуттук банктын иши, анын дарегине айтылган дооматтар боюнча түшүндүрмө берип жүрчү.


Башкы прокуратура былтыр декабрдын башында “Керемет Банктын” айрым кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон. Расмий маалыматта айтылгандай, "Керемет Банктын" (мурдагы «Росинбанк») кызматкерлери мамлекеттик бюджеттен 8 млрд. сомдон ашуун каражатты инвестиция катары банкка мыйзамсыз салган. Натыйжада өлкө казынасы мындай операциядан 4,5 млрд. сомдон ашык зыян тарткан.


Былтыр 22-декабрда “Керемет Банктын” төрагасынын орун басары Максат Дадыбаев камалган.

23-декабрда УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам кызматкери жана Өздүк коопсуздук башкармалыгынын төрагасынын орун басары кармалып, эки айга камалган.

Быйыл 2-февралда Улуттук банктын башкаруу кеңешинин мурдагы мүчөсү кармалып, тергөө бүткүчө камакка алынды.

Финансисттер убагында "Росинбанк" аталып келген азыркы "Керемет банктын" маселеси 2018-жылдары эле башталганын белгилешет. Маалымат каражаттары банк арам акчаны адалдап, дагы башка мыйзамсыз иштерди жүргүзгөнүн жазып чыккан. Финансист Асланбек Кененбаев ал кездеги өлкө жетекчилиги банкты эмне үчүн Улуттук Банктын карамагына өткөрүп бергенине токтолду.

"Эмнеге Улуттук банк, мамлекеттик органдар "Росинбанкта" ушундай маселелердин келип чыгышына жол берди? Менин оюмча, бул банкты калкалап тургандар болгон. Ал тургай ошо кездеги "Росинбанк" элдин депозиттик салымдарын 16% менен алып, ал эми насыяларды 12% менен берген. Бул тажрыйба банктын өзүнө каршы иштеп, банкротко жакындатканынан кабар берет. "Азия унверсал банк", "Промстрой банк", "Залкар банк" болуп бир нече жолу атын өзгөрткөн финансылык мекемени башында эле туура эмес инвесторлорго сатып жиберишкен. Алардын мыйзамсыз иштерин Улуттук банк текшерген эмес, же текшерүүсүнө тоскоол болуп турган адамдар болгон. Ошентип отуруп, кыйын күнгө кириптер болгондо, эл Ак үйдүн алдына чыгып, акчасын талап кыла элек кезде деп, мамлекеттик каражаттын эсебинен аны Улуттук банк сактап калган".

Асланбек Кененбаев
Асланбек Кененбаев

"Керемет банктын" 97,45% акциясына Улуттук банк ээлик кылат. Өкмөт соңку жылдары ал аркылуу фермерлерге жеңилдетилген шартта насыя берип келет. Банк ипотекалык насыя программасын да жүргүзө баштаган.

"Керемет банктын" иши соңку жылы жакшы жүрүшкөнүн белгилеген финансист, чуудан башы арылбаган банкты чет элдик инвесторлорго сатууну туура көрөт. Анын пикиринде, Улуттук банк текшерүүчү мекеме болгондуктан, өзү банкка ээлик кылганы туура эмес.

"Росинбанктын" акционерлери, жетекчилиги банкты өтө начар абалга жеткирген. Бирок ал үчүн Улуттук банк жоопкерчиликти алып, мамлекеттин акчасын киргизип, акча салгандарга каражатын кайтарып берген. Мамлекет каржылап берди, муну базардагы стабилдүүлүктү сактап туруу аракети десек болот. Улуттук банк башка банктарды текшерүү функциясына ээ болуп туруп, өзү да банкка ээлик кылып турганы туура эмес", - деди Асланбек Кененбаев.

Ушул жылдын февраль айында Мамлекеттик мүлк фонду 20дай мүлктү менчиктештирүүнү сунуштаган. Алардын арасында "Керемет банк" да болгон.


Алгач "Азия Универсал Банк", кийин "Залкар Банк", анан "Росинбанк" болуп, улам өзгөрүп, колдон-колго өтүп, артынан ар кыл сөз ээрчиген "Кереметбанктын" маселеси соңку жылдары утур-утур көтөрүлүп келет.

Ушул күнгө чейин бир нече жаран кармалып, аларга “Алдамчылык”, "Кылмыштуу кирешени мыйзамдаштыруу", “Документ жасалмалоо” деген беренелердин негизинде айып тагылган.

"Керемет Банк" мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жемкорлукка жана арам акчаны адалдоого айыпталып, сыртынан соттолгон уулу Максим Бакиевдин өнөктөштөрүнө таандык деген “Азия Универсал Банктын” негизинде түзүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG