Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:41

Акыйкатчы Лейлектеги жолугушууда нааразылык айтылганын билдирди


Раззаков шаары. 2023-жылдын 15-марты.
Раззаков шаары. 2023-жылдын 15-марты.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова бүгүн 15-мартта Баткендин Раззаков шаарында Лейлек районунун жүзгө жакын тургунун кабыл алганын билдирди. Анын айтымында, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышкан жолугушууга баргандар негизинен эки маселени көтөрүштү.

Биринчиси – кайрылман макамын алган же ала албай жүргөн этникалык кыргыздардын көйгөйлөрү, экинчиси – былтыр кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяда жабыркаган тургундардын жана ишкерлердин маселелери.

Жеринен так чечилген суроолор көп болгонун белгилеген акыйкатчы чек ара окуясынан жабыркагандарга жардам берүү жана калыбына келтирүү боюнча Министрлер кабинети түзгөн комиссиянын өкүлүнүн ишине нааразылык айтылганын билдирди.

“Райондук өнүктүрүү жана инвестиция тартуу секторунун башчысы Акматов Абдисамат элге так, ачык маалымат бербей эле, абдан орой мамиле кылып, деги ток этер маалымат берүүдөн баш тартты. Кабыл алуума келген келиндер менен апалар да ал кишинин мамилесине, такыр маалымат бербей жүргөнүнө таарынычын билдиришти. Ушундай кызматкерлер жеринен президент, Министрлер кабинети кылган аракеттерди жокко чыгарып, элдин нааразылыгын жогорулатат”, - деди Абдрахматова.

Аталган жетекчи акыйкатчынын бул билдирүүсү боюнча азырынча комментарий бере элек.

2022-жылдын күзүндө кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяда Баткен облусунун бир катар айылдары талкаланып, өрттөлгөн, ондогон адамдар каза болгон, миңдеген жергиликтүү тургун үй-жайын таштап качууга мажбур болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG