Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:42

11 мал базар убактылуу жабылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 11 мал базар азыркы кезде жабык турганын бүгүн 15-мартта Айыл чарба министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, аларга ветеринардык-санитардык экспертизанын талаптарына жооп бербегендиги үчүн айыппул салынып, убактылуу жабылган.

Экспертизадан өткөн 47 мал базар ишин улантууда.

Өкмөттүн “Ветеринария жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтому 2017-жылдын 24-августунда кабыл алынган. Агы ылайык, республика боюнча жалпысынан 58 мал базар каттоодон өткөн.

Былтыр 28-мартта өкмө башчы Акылбек Жапаров президенттик аппараттын жыйынында Кыргызстандагы мал базарлардын абалын кескин сынга алган. Өкмөттүн басма сөз кызматы мындан улам жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө базарлардын шартын жакшыртып, чукул арада асфальт төшөө тапшырмасы берилгенин маалымдаган. (RK)

XS
SM
MD
LG