Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:08

Министр кардарлар үчүн кэшбэк системасы ишке кире турганын билдирди


Данияр Амангелдиев.
Данияр Амангелдиев.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев өкмөт салыктык талаптардын аткарылышы үчүн ишкерлерге жеңилдиктер берилерин билдирди.

Мындай пикирин ал 16-мартта парламент жыйынында “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жатканда айтты.

“Эгер салыктын талаптарын бузса, башында эскертүү берилет. Экинчи жолу кайталанса, айыптын 50% көлөмүн төлөөгө милдеттендиребиз. Ошондо да талапка баш ийбесе, айыпты толугу менен төлөшү керек болот”, - деди Амангелдиев.

Ал керектөөчүлөрдү чектерди талап кылууга кызыктыруу үчүн кэшбэк системасы ишке кирерин, анда кардарлар соода кылган акчасынын бир бөлүгү Салык кызматынын порталындагы жарандын жеке кабинетине чогуларын билдирди. Министр бул долбоор ушул жылдын жарымына чейин ишке кирерин тактады.

Быйылкы жылдан тартып Кыргызстанда соода-сатык менен алектенген ишкерлердин товарында товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук (ЭТТН) түрү болушу шарт. Ал үчүн соодагер Салык кызматынын маалымат системасынан “жеке кабинет” ачып, ар бир коштомо кагазын электрондук түрдө тиркеп турушу керек. Ансыз товарын алып өтө албайт.

Салык боюнча жаңы эрежелерине алык мекемеси өзү даяр эместиги, ишкерлерди кыйнап жатканы буга чейин парламентте да айтылып, нааразылык акциялары да өткөн. Өкмөт “…көп ишкерлер 1-2 миң сомго патент сатып алып коюп, 30-40 миллион сомго товар сатып, өкмөттү алдап келишкен” деген жүйө келтирген.

Мамлекеттик салык кызматы уюштурган лотерея былтыр үч жолу өткөрүлдү. Ага 170 миңден ашык адам катышып, алар жалпысынан 18,3 миллиард сомго 17,9 миллион лотереялык ID-билеттерди топтошкон. Лотереянын жеңүүчүлөрүнө батир, автоунаалар жана башка баалуу белектер берилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG