Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:26

AI: Иранда митингдерде кармалган балдар кыйноолорго туш болууда


Ирандагы нааразылык акциясы. 2022-жыл
Ирандагы нааразылык акциясы. 2022-жыл

Эл аралык Мунапыс уюмунун (Amnesty International – AI) 16-марттагы билдирүүсүндө Иранда өкмөткө каршы демонстрацияларга катышкан балдар коопсуздук күчтөрү тарабынан «үрөй учурган кыйноолорго» туш болушканы айтылат. Ислам жумуриятында милдеттүү хижаб эрежесин бузган деген айып менен кармалган студент кыз Махса Амини камакта көз жумгандан кийин тутанган нааразылык акцияларына туура жарым жыл болду. Бул датага карай чыгарган докладында укук коргоочу уюм "Ирандын чалгындоо кызматы жана коопсуздук күчтөрү 12 жаштагы демонстранттарды уруп-сабап, токмоктоп, электр тогун колдонуу, зордуктоо жана башка сексуалдык зомбулуктарды камтыган үрөй учурган кыйноолорго барып жатканын” белгиледи.

Amnesty International Тегеранды тынч митингге чыкканы үчүн гана камалган өспүрүмдөрдү бошотууга чакырды.

Укук коргоочулар былтыркы сентябрдан берки митинг-демонстрацияларда жалпысынан 500дөн ашуун киши набыт болгонун айтып келишет. Акцияларда миңдеген киши камалып, айрымдары катаал жазага өкүм кылынган. Кээ бирлери өлүм жазасына тартылды.

Тегеран Батыш мамлекеттерин башаламандык уюштурууда деп айыптаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG