Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Президент Жапаров Түркияга барган менчик учак тууралуу маалымат берилди


Президент Садыр Жапаровдун Анкарадагы сапары. 2023-жылдын 15-марты.
Президент Садыр Жапаровдун Анкарадагы сапары. 2023-жылдын 15-марты.

Президент Садыр Жапаров Түркияга учуп барган менчик учак тууралуу анын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев маалымат берди. Ал "Азаттыкка" берген комментарийинде, компания ээси менен макулдашып, кыргыз тарап учактын майынын чыгымын гана төлөгөнүн билдирди.

"Бүгүнкү күндө учакты лизингге каттоо жол-жобосу толук бүтө элек. Андыктан компания ээси менен макулдашуу боюнча кыргыз тарап авиа отунга гана чыгымды көтөрдү. Делегация Embraer үлгүсүндөгү учак менен барды. Сыноо мөөнөтү уланууда, ал бүткөндөн кийин ылайыктуу учакты лизингге алабыз",- деди Султанбаев.

Айрым маалымат каражаттары Flightradar24 сервисинин билдирүүсүнө таянып, Садыр Жапаров Анкарага Air X Chapter авиакомпаниясына таандык бизнес-жет менен барганын, борттун модели Embraer Lineage 1000 экенин жазышкан. Бул бортто бир саат учуунун баасы 14 850 доллар турарын Factcheck.kg сайтынын журналисттери аныктаган.

Кыргыз тарап чакан, анча чоң эмес делегациялардын чет элдик сапары үчүн жаңы учак сатып алуу чечимин кабыл алганын буга чейин Эрбол Султанбаев билдирген. Ал менчик учакты лизингге алуу иши аяктап жатканын өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазган. Анын айтымында, Кыргызстан ала турган учак Bombardier Challenger же Embraer Legacy болот.

Президент Жапаровдун былтыр 18-декабрда Катарга менчик учак менен кеткени талкуу жараткан. Жергиликтүү басылмалар мамлекет башчынын Бишкек-Доха сапары 25-30 миң долларга бааланганын жазышкан.

Ага чейин 20-сентябрда президент АКШга Bombardier Global Express XRS учагы менен акысыз, сыноо режиминде барып келгени, кыргыз тарап күйүүчү майын гана камсыздап бергени расмий кабарланган.

Бул ирет Жапаров Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын кезексиз саммитине катышуу үчүн Анкарага 15-мартта барган. Саммит быйыл “Кырсыктарды башкаруу жана гуманитардык жардам” темасына арналууда.(КЕ)

XS
SM
MD
LG