Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

УКМК мурдагы вице-премьер Зилалиев кармалганын билдирди


Дүйшөнбек Зилалиев.
Дүйшөнбек Зилалиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) мурдагы вице-премьер-министр, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев камалганын кабарлады. Маалыматка караганда, ал лицензия берүү үчүн пара алууга шек саналууда.

"З.Д.Т. 2017-жылы ыйгарым укуктарына таянып, пайдалуу кендери бар жерлерге лицензия берүү маселесин чечип берүүнү убада кылып Б.Р. аттуу жарандан 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алганы аныкталды. Бирок, З.Д.Т. айтылган убадаларын аткарган эмес жана алган акчаны кайра ээсине кайтарбаган", - деп айтылат атайын кызматтын маалыматында.

УКМК чогултулган далилдердин негизинде Зилалиев 15-мартта кармалып, атайын кызматтын убактылуу тергөө абагына киргизилгенин билдирди.

2019-жылдын 30-январында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) ошол кездеги төрагасы Идрис Кадыркулов Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып Дүйшөнбек Зилалиев Геология боюнча мамлекеттик агенттикти жетектеп турган кезде эң көп лицензия берилгенин айткан.

Ал Зилалиевдин тушунда лицения алган 13 компания боюнча факты териштирилип жатканын, анын тушунда берилген лицензиялар эгемен Кыргызстандын тарыхында берилген лицензиялардын үчтөн эки бөлүгүн түзөрүн кошумчалаган.

Дүйшөнбек Зилалиев 2016-2017-жылдары Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетин жетектеп турган. 2017-жылы август айында өкмөттүн экономика маселелерин караган вице-премьер-министри болуп дайындалып, 2018-жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна жетекчи болуп барган.

2020-жылы Биринчи Май райондук соту Зилалиевди Жазык кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүгү менен күнөөлүү деп таап, жети жылга кескен. Буга Башкы прокуратуранын Зилалиевге, 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турган учурунда, өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алганы үчүн "Мыйзамсыз баюу" беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогону себеп болгон.

2018-жылдын 18-октябрында Зилалиев дагы бир иш боюнча шарттуу түрдө үч жылга эркинен ажыратылган. Анда Зилалиевге карата Жазык кодексинин "Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу" беренесинин негизинде иш козголгон.

Зилалиев айыптарды четке кагып, мыйзамсыз камалганын айтып келет.

2022-жылы январда Зилалиев үй камагына чыккан.

2021-жылы 23-июнда Жогорку Сот Зилалиевге "Мыйзамсыз баюу" боюнча коюлган айыпты жокко чыгарып, ишти кайра кароого Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жиберген.

Жогорку Сот Зилалиевдин жазык ишин жокко чыгарууга биринчи инстанциядагы сотто эрежелер бузулганын жүйө келтирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG