Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:21

БУУ оогандык качкындарга берилген жардамды көбөйтүүгө чакырды


Пакистандагы качкынар лагери. Лахор, 19-июнь, 2022-жыл
Пакистандагы качкынар лагери. Лахор, 19-июнь, 2022-жыл

БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссариаты дүйнөлүк коомчулукту оогандык качкындарга берилген жардамды көбөйтүүгө чакырды. Регионалдык планда Ооганстан менен чектеш беш мамлекетте - Иран, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанда баш калкалаган бозгундарды колдоо каралат. Бул тууралуу «Озоди» радиосу жазды.

Ал планга ылайык, быйыл жер которгон оогандарга жардам иретинде 613 миллион доллар бөлүү каралган. Бозгундардын көбү сөз болгон өлкөлөрдө он жылдап жашап жүрөт.

Жогорку комиссариаттын маалыматына караганда, былтыр БУУ кошуна мамлекеттерде башкалкалаган оогандык качкындар үчүн 623 миллион доллар сураганы менен, 321 миллион гана берилген.

«Талибан» кыймылы 2021-жылдын августунда Кабулду алып, бийликке кайтып келгенден кийин миңдеген ооган жараны башка өлкөлөргө агылган. Тажикстанда алардын саны 15 миң кишиден ашат. Негизинен Вахдат шаарында жашашат. 2022-жылы ондогон качкын белгисиз себептер менен мекенине кайтарылган.

Расмий маалыматка караганда, Ооганстан менен чектеш беш мамлекетте 8,2 миллион оогандык жашап жүрөт. Алардын 2 миллиону качкын деп расмий катталган. 70% аялдар менен балдар түзөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG