Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:58

Кемпир-Абад иши: Молдокматовдун тарапкерлери аны бошотууну суранышты


Jenish Moldokmatov - Жеңиш Молдокматов
Jenish Moldokmatov - Жеңиш Молдокматов

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта отурган саясатчы Жеңиш Молдокматовдун тарапкерлери бүгүн 16-мартта видео аркылуу президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, аны абактан бошотууну суранышты.

Видеодогулар өзүлөрүн Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Куртка айылынын тургундары экенин, Молдокматов бул айылдын кулуну катары спортзалдын, бала бакчанын ишине жардам бергенин, ал “жөн жерден отурганын” айтышты.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына каршы пикирин ачык билдирип чыккан жыйырмадан ашуун белгилүү саясатчы, активист, алардын арасында Жеңиш Молдокматов жарым жылдан бери камакта отурушат. Милиция алар бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Президент Садыр Жапаров ортодогу талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирип, камалгандарды “Төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен" деп айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG