Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:53

Бишкекте "Пакистан-Кыргызстан" соода үйү негизделет


Бишкек Эркин экономикалык аймагы. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек Эркин экономикалык аймагы. Иллюстрациялык сүрөт.

16-мартта Бишкекте Кыргызстан - Пакистан соода жана инвестициялык форуму өтүп жатат. Анын алкагында "Пакистан-Кыргызстан" соода үйүн түзүү боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады. Форумду аталган агенттик Соода-өнөр жай палатасы, Кыргызстандагы USAID бизнес миссиясы менен биргеликте уюштурган.

Аталган агенттиктин директору Умбриэл Темиралиев Кыргызстан менен Пакистандын бизнес өкүлдөрүнүн ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана ишкердик мамилелерди чыңдоо үчүн мындай иш-чаранын мааниси чоң экенин белгиледи.

"Бүгүнкү иш-чара ишкерлердин кызматташтыгын активдештирүү үчүн B2B форматындагы жолугушууларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк ачат", - деп айтылат маалыматта.

Былтыр жыл башында Кыргызстанга ири жана орто бизнес өкүлдөрүнөн турган пакистандык бизнес-делегация келген. 13 компаниянын жетекчилери Экономика жана коммерция, Энергетика министрлигинин, Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттигинин жетекчилиги менен жолугушкан.

Буга чейин Кыргызстан-Пакистан илимий фондун түзүүнү макулдашып, эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосунда академиялык кызматташтыкты өнүктүрүү сүйлөшүлгөн.

Кыргызстанга билим алуу үчүн келген пакистандыктар көп. Алардын көбү медициналык жаатта окуу жайларда билим алышат.

Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматына ылайык, алыскы чет өлкөлөрдөн келген студенттер соңку жылдары 2,7 эсе көбөйгөн. Учурда 24 миң студент билим алып жатат. Индиядан келгендер азайса, Пакистандан келгендер кескин өскөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG