Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:34

Орусияда аскердик комиссариатка чакыруулар келип жатканы кабарланууда


Орусиянын 30 чакты аймагында аскер комиссариаттарына чакыруулар келип жатканы тууралуу кабарлар түшүүдө. Бул тууралуу "Радио Свобода” жазды. Резервдеги кишилердин аскердик каттоо тууралуу маалыматтарын тактоо же аскерге иргеп алуу үчүн чакырып жатышат. Юристтердин айтымында, муну мобилизациянын экинчи толкуну деп атоого болбойт. Бирок Орусияда аскер жыйноо жарыяланган эмес.

Astra Телеграм-каналы 33 аймактагы чакыруулар тууралуу маалымат чогултуп, кагаздар жогорку окуу жайлардын студенттерине да келип жатканын аныктады.

“Агора” укук коргоо уюмунун жетекчиси, адвокат Павел Чиковдун пикиринде, аскер комиссариаттарына чакырууларды мобилизациянын экинчи толкунуна байланыштырууга болбойт. Анын айтымында, аскердик комиссариат кимдир бирөөнүн жашаган дареги же үй-бүлөлүк макамы өзгөргөнү маалымдалбаган учурда чакырат. Бирок аскердик жыйынга чакыруулар тууралуу кабарлар суроо жаратарын белгиледи. Андай иш-чаралар президенттин буйругу менен гана болот. Владимир Путиндин тиешелүү документке кол койгону жарыяланган эмес.

Орус бийлиги мобилизациянын экинчи толкуну болбой турганын айтып келет. Муну менен бирге былтыркы мобилизация тууралуу буйрук күчүндө кала берүүдө.

1-апрелден тарта Орусияда армияга кабыл алуунун жазгы өнөктүгү башталат. Ошол эле күндөн баштап куралдуу күчтөрдүн катарына келишимдик негизде да да алуу жараяны жүрөт. Бир катар жергиликтүү медиалар Коргоо министрлиги келишимдик негизде 400 миң кишини алууну максат кылганын кабарлашты.

Январда коргоо министри Сергей Шойгу армиянын санын үч жылда бир жарым миллионго жеткирүү планын жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG