Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

ТМУ саммити: декларацияга жана бир катар документтерге кол коюлду


Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) 16-мартта Түркиянын борбору Анкарада өткөн кезексиз саммити. Президент Садыр Жапаров.
Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) 16-мартта Түркиянын борбору Анкарада өткөн кезексиз саммити. Президент Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Түркияга 15-16-мартта болгон иш сапары аяктады.

Президент Анкара шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна катышуучу-өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинин (ТМУ) кезексиз жыйынына катышты.

Жапаров "тездик менен өзгөрүп жаткан дүйнөдө аймактык кызматташтык заманбап мамлекеттер аралык мамилелерде кыйла таасирдүү жана натыйжалуу куралга айланып баратканын" белгилеген. Мамлекет башчы уюмга мүчө мамлекеттердин жогорку деңгээлдеги жолугушууларын үзгүлтүксүз өткөрүүгө чоң маани берерин айткан.

Саммиттин жыйынтыгында Анкара декларациясына жана бир катар документтерге кол коюлду. Уюмга мүчө мамлекеттер жарандык коргонуу механизмин түзүү жөнүндө макулдашты.

Бул жолу саммит “Кырсыктарды башкаруу жана гуманитардык жардам” темасына арналды.

Сапар алкагында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. 17-мартка караган түнү президент иш сапарын аяктап, Бишкек шаарына кайтып келди.

Түрк элдеринин кызматташтыгын бекемдөө максатында 1992-жылы Түркиянын ошол кездеги жетекчиси Тургут Озалдын демилеси менен Анкарада Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын лидерлеринин алгачкы жыйыны өткөн. Андан бери уюмдун курамында өзгөрүүлөр болуп, 2009-жылы азыркы Түрк мамлекеттери уюму түзүлгөн. Мүчөлүк макамга ээ болгон беш өлкөдөн тышкары уюмдун жыйындарына байкоочу катары Венгрия жана Түркмөнстан катышып келет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG